УКМК 5 жылда тергеген иштерди кайра карап чыгуу боюнча демилгеге комитет үн катты

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. УКМК акыркы беш жылда тергеген бардык кылмыш иштерин карап чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү боюнча айтылып жаткан сунуштарга аталган комитеттен жооп беришти.
Алар мыйзамда белгиленген тартип бар экенин эске салган:
Жазык-процессуалдык мыйзамдардын ченемдерине ылайык, тиешелүү түзүмдөрдүн (УКМК, ИИМ ж.б.) тергөө бөлүмдөрү жүргүзгөн иштердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү прокуратура органдарына жүктөлөт, ал эми сот адилеттигин ишке ашыруу укугу өзгөчө сот органдарына гана таандык;
Жазык-процессуалдык кодекстин 8-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча соттун өкүмү жана башка чечимдери Жазык-процессуалдык кодексте каралган тартипте тиешелүү соттор тарабынан гана текшерилип жана кайра каралышы мүмкүн. Ал эми тергөөчүнүн процессуалдык чечимдери көзөмөл органы тарабынан изилденип, жокко чыгарылышы мүмкүн.
"Ушуга байланыштуу, кылмыш иштерин кайра кароо боюнча кандайдыр бир комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш конституциялык принциптерге каршы келет, анткени мыйзамдарда тергөө-сот ишине кийлигишүүгө так тыюу салынган", — деп билдиришкен.
Комитет мамлекет башчынын көрсөтмөсүнө ылайык, УКМКда анын ишинин дээрлик бардык тармактарын жана ыкмаларын камтыган тиешелүү реформа жүргүзүлүп жатканын кошумчалашкан.
Мындай кадам улуттук коопсуздук органдарын заманбап коркунучтарга жана көйгөйлөргө ылайыкташтырууга, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерин күчөтүүгө, террорчулукка, экстремизмге каршы иштөөгө багытталганын айтышты. Ага коррупцияны андан ары жоюу, уюшкан кылмыштуулукту алдын алуу, өлкөнүн маалыматтык жана экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу маанилүү багыттар кошулган.
Жапаров баңгизат боюнча соттолуп камалгандардын жакындарын кабыл алды