БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда буга чейин TikTok платформасына коюлган бөгөттөөнү алып салуу боюнча Маданият министрлигинин деңгээлинде айтылды.
Тагыраагы, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ведомствонун коллегиясында аталган суроону көтөргөн. Ал кыргызстандык жаштар жана жалпы эле калк TikTok платформасын VPN аркылуу колдонуп жатканын эске салган.
Мындан сырткары, салынган тыюу креативдүү индустрия тармагында иш алып барып жаткандарга да терс таасирин тийгизип келе жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, Кыргызстанда аталган платформаны жабууну ЖКнын VII чакырылышынын бир катар депутаттары айтып, демилге көтөргөн. Ресурс толугу менен 2024-жылдын апрель айында чектелген.
Андан бир жыл мурда, 2023-жылдын августунда, аракет жасалган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мындай чечим кабыл алууга бир катар кайрылуулар негиз болду деген жүйө келтирген. Ведомство айрым бейөкмөт уюмдардан TikTok социалдык тармагынын "балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулар" келип түштү деген түшүндүрмө берген.