БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Акыркы бир айда Сириядагы "Ислам мамлекети"* уюмунун жактоочулары жайгашкан Аль-Хол концлагеринен 20 миңден ашуун туткун качып чыккан. Бул тууралуу Financial Times жазды.
"Аймакты көзөмөлдөгөн күрд аскерлерин Сирия өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрү сүрүп чыккандан кийин дээрлик 24 миң туткундун баары качып кеткен. Бул лагердин тосмосундагы жыртык-тешиктерден улам мүмкүн болгон", — деп айтылат маалыматта.
Financial Times жазгандай, качкандар өлкөнүн чар тарабына тарап кетишкен. Айрымдары Ирак жана Түркияга чейин киришкен. Учурда лагерде Ирак менен Сириянын эки миңден ашпаган жараны гана калган.
Азырынча туткундардын качышына кимдер жардам бергени аныктала элек. Басылманын булактары бул ишке расмий бийлик өкүлдөрү же "Ислам мамлекети" менен кызматташкан жергиликтүү уруулардын байланышы болушу мүмкүн деп божомолдошууда.
*Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм