РФ ТИМи: Россия КМШ өлкөлөрү менен өнөктөш болуунун зарылдыгын сезип турат

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россия КМШ өлкөлөрү менен тыгыз кызматташуу зарыл экенин көрүп турат, анын ичинде эң башкысы — коопсуздук маселеси. Бул туурасында РФ ТИМ башчысынын орун басары Михаил Галузин "Валдай" эл аралык клубунун жыйынында айтты.
"Россия мамлекети кызыкдар болгон кайсы гана тармакты албайлы, бардыгынан мурдагы советтик республикалар менен кызматташуунун зарылдыгын көрөбүз. Бул — ири алдыда коопсуздук маселеси", — деген Галузин.
Ал азыркы процестер постсоветтик өлкөлөрдү байланыштырып турганын белгилеген.
"КМШдагылардын бул жааттагы алакасы бардык жагынан алганда жөн эле чет өлкө дегендерден алда канча айырмаланат. Себеби биз алакага, бири-бирибизге өмүр бою муктажбыз, кызыкдарбыз. Өзүбүзчө бөлүнүп кеткен жокпуз. Бизди байланыштырган түйүндөрүбүз көп, чек арабыз, тарыхыбыз бир", — деп белгилеген Галузин.
РФ ТИМи: Россия КМШ өлкөлөрүнүн өз алдынчалуулугуна сый мамиле жасайт