РФ ТИМи: Россия КМШ өлкөлөрүнүн өз алдынчалуулугуна сый мамиле жасайт

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Россия КМШ мамлекеттеринин өз алдынчалуулугуна урмат менен мамиле кылат, дал ушул позициядан туруп көпчүлүгү менен союздаштык алаканы өнүктүрүүдө. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин "Валдай" эл аралык клубунун аянтчасынан билдирди.
"Биз аталган өлкөлөрдүн суверенитетин, көз карандысыздыгын сыйлайбыз, теңчилик позициясынан туруп союздаштык жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдап жатабыз", — деди ТИМ өкүлү.
Галузин муну менен бирге ар багыттагы, карама-каршылыктуу да түшүнүктөр бар экенин, мурда СССРдин курамында болуп, кийин Батышка ыктаган мамлекеттерде Россиянын кызыкчылыгына доо кетире турган көрүнүштөр кездешерин белгилеген.
Изилдөө институту: Кыргызстан Россия менен эл аралык деңгээлде иш алып барууда