БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев Жанар Акаевдин анын ордуна дайындалышына комментарий берди.
Токторбаев алдына коюлган максаттарын ашыгы менен аткарганын белгиледи.
“Албетте, дагы аткарыла турган бир аз иштер калды. Алардын баарын Жанар Кубанычович менен бирге аягына чыгарасыңар деп ойлойм. Ал менин парламенттеги мурдагы кесиптешим, абдан билимдүү, чынчыл жигит, өз ишин жакшы билет”, — деди экс-мэр.
Ал ошондой эле кол алдында иштегендерден кечирим сурады.
“Силерди урушуп-тилдеп, анча-мынча капа кылып койгон болсом кечирим сурайм. Силерге башынан эле айткан болчумун, иш боюнча урушам деп. Ал эми жашоодо мен өтө жөнөкөй кишимин”, — деди ал.
Эске салсак, кечээ, 18-февралда, Жеңишбек Токторбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна президент Жанар Акаевди дайындады.