Кыргызстанда оор кылмыш жасагандар өмүр бою камакта калат. Жаңы мыйзам долбоору

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда балдарга жана аялдарга зомбулук көрсөтүү, зордуктоо жана өлтүрүү үчүн өмүр бою камакка алуу жазасын киргизүү сунушталууда. Мыйзам долбоорун президенттин администрациясы коомдук талкууга чыгарды.
Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, педофилия жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн мүлкүн конфискациялап, өмүр бою эркинен ажыратуу (альтернативасыз) жазасы белгилениши мүмкүн.
Буга чейин бийлик бул кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган. Бирок Конституциялык сот жогорку жаза чарасын кайра киргизүү болбой турганын билдирген.
Базар-Коргондо 71 жаштагы киши небересин зордуктоого шектелип камалды