Old Бишкектин чуулуу имаратынын курулушу убактылуу токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Old Bishkek долбоорунун алгач үч кабаты салынып, кийин кайра бир кабаты буздурулган имаратынын курулушу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, объектинин мындан аркы тагдыры келерки жумада шаар куруу кеңешинде каралат. Калаа бийлиги объектиге бир нече ирет барып, долбоордук документтерди жана шаар куруу нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү белгиленди.
"Долбоорду тиешелүү документтерге жана шаар куруу талаптарына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Бирок ага карабастан курулуш иштери уланган", — деди мэр Айбек Жунушалиев.
Муниципалитет бул маселе боюнча текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен Курулуш министрлигине расмий кат жолдогон.
Белгилей кетсек, аталган имарат көптөн бери коомчулук арасында нааразычылык жаратып келет. Шаар тургундары объект гүлдөр өскөн, жөө кишилер жүрчү жолдун ордуна курулуп калганына нааразы. ЦУМдун жанындагы дагы бир жаңы объект үч күндүн ичинде буздурулмай болду.
Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, курулуштун эскиздери пландалгандан өзгөрүп, белгиленген чектен чыгып кеткен.
Депутат Көкүлов Old Bishkek долбоору боюнча жетекчилерди зекиди