Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов эки айга камакка алынды

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы делген журналист Нургазы Анаркулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Анаркулов “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча айыпталууда. Эми ал 10-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот.
Журналист 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип жаткан маалда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 75 адамдын кайрылуусу боюнча иштин алкагында кармалып, Бишкекке алып келинген.
УКМКнын Бишкек боюнча экс-жетекчиси Элдар Жакыпбеков эки айга камакка алынды