Кыргызстан былтыр ЕАЭБ өлкөлөрү менен 5,9 млрд. долларлык соода кылды

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Былтыр Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер менен соодасынын көлөмү 5,9 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Соода жүгүртүү 2024-жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга өскөн.
Кыргызстандын бул мезгилдеги өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,9%) жана Казакстанга (31,5%) туура келди.
Кыргызстан эт өндүрүүдө ЕАЭБ боюнча лидер болду