БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Украинага демөөрчүлүк кылганы үчүн сүйлөшүүлөргө катышууга укуктуумун деген европалык саясатчылар согушка акча берүүнүн ордуна тынчтык орнотуу жаатында түйшөлсө жакшы болмок. Бул туурасында РФ ТИМ башчысынын орун басары Михаил Галузин айтты.
Ал "Валдай" клубунун жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
"Согушка акча берип жаткан соң тынчтык жаатындагы сүйлөшүүлөргө катышканга акыбыз бар деген максат коюп алышкан. Ушундай ишенимдеги Батыштын кыйындары оюн оңдоп, согушка акча жумшабай, тынчтыкка баш койсо дурус болот эле", — деген ал журналисттерге.
Галузин жакында эле бул жаатта Женевада болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп, диалог кыйынчылык менен болсо да улана бере тургандыгын айткан.