Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин вице-спикери болду

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште бир катар өзгөрүүлөр болду.
Карим Ханжеза өз каалоосу менен ЖК төрагасынын орун басары кызматынан кетип, анын ордуна Болот Ибрагимов шайланды. Ага жыйынга катышкандардын 53ү "макул", 16сы "каршы" добуш берген.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында Элвира Сурабалдиева парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Адилет Кыргызстан" жана "Элдик" депутаттык топтору көрсөтүшкөн. Буга чейин бул милдетти мандатын тапшырып берген Элдар Сулайманов аткарып келген.
Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, анын ордуна парламентке депутат болуп Таалайбек Сарыбашов келди. Акаев башчылык кылган “Ала-Тоо” депутаттык тобун эми Талайбек Масабиров жетектемей болду.
Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырып, себебин айтты