Бишкектин тургуну бир батирдин акчасын алдатып ийген. Шектүү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Х.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда төрт жыл аралыгында У.Т. ишенимге кирип, Горький көчөсүндө жайгашкан турак жай комплексинен батир сатып берем деген шылтоо менен жабырлануучунун 284 267 долларын алып, кайтарып берген эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
"Аталган кылмышка шектелип 46 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн ушуга окшош башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги аныкталууда", — деп айтылат маалыматта.
Ажылык уюштуруп берем деп изин сууткан. Шектүү кармалды