БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. АКШ Жакынкы Чыгышка эң көп авиация күчтөрүн топтоп жаткандыгын кабарлаган Wall Street Journal Ирак согушунан бери мындай боло электигин жазды.
АКШ аймакка алгач F-35 жана F-22 истребителдерин жөнөткөн. Ошондой эле сокку уруучу учактар жана радиоэлектрондук учактар жүктөлгөн ташыгыч кеме да келе жатат.
"АКШ Иранга каршы бир нече жумага созулган аба чабуулдарын жасашы ыктымал. АКШнын президенти Дональд Трампка Ирандын саясий, аскердик жетекчилигин жана өзөктүк, ракеталык программаларга тиешеси бар объектилерди жок кылуу боюнча варианттар сунушталган. Азырынча ал конкреттүү чечим кабыл ала элек", — деп басылма жазган.
Өзөктүк курал боюнча иран-америка диалогу 17-февралда аяктаган. Анын жыйынтыгы боюнча Иран делегациясын алардын ТИМ жетекчиси Аббас Аракчи, АКШнын делегациясын Ак үйдүн кожоюнунун чабарманы Стивен Уиткофф жетектеген. Аракчи диалог аяктагандан кийин бул маселеде жылыш болгонун, эки тарап келишим түзүшү мүмкүндүгүн жана анын негиздери боюнча иш алып бара тургандыктарын билдирген.