Сириядагы 10 жыл. Америка аталган өлкөдөн акыркы аскерлерин алып чыгып кетүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. АКШ Сириядагы 10 жылдык аскердик операциясын аяктап, акыркы аскерлерин чыгарып кетип жатат. Бул туурасында The Wall Street Journal америкалык аткаминерлерге шилтеме берип кабарлады.
"АКШ Сириядан миңге чукул жоокерден турган аскердик бөлүгүн алып чыгып, бул өлкөдөгү он жылдык аскердик операциясын бүтүрүп жатат", — деп материалда жазылган.
Макалада тарыхый бул иштер эки айдын ичинде бүткөрүлөрү айтылган. Америкалыктар Иордания менен Ирактын чек арасындагы Эт-Танф аскердик базасынан, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Аш-Шаддада базасынан чыгып кеткенин маалымдашты.
Сирияда АКШнын аскерлерине кол салуу болуп, үч киши көз жумду