Ак үй Зеленскийдин Трамп боюнча нааразылыгына жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ак үйдүн расмий өкүлү Каролин Левитт Зеленскийдин Трамп адилеттиктен тайып, Россияны эмес, Украинаны гана ымалага келип чегинүүгө чакырып жатат деген сөзүнө жооп кайтарды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Менимче, президент Дональд Трамп сизге миңдеген украиндердин жана россиялыктардын өмүрү кыйылып жатканын да адилеттүүлүк деп эсептебей турганын айтып, жооп берсе керек", — деген Левитт брифинг учурунда Зеленскийдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү өтүнүчүнө жооп узатып жатып.
Левитт ошондой эле Трамптын максаты бул жаңжалды жөнгө салуу экенин эске салган.
Белгилей кетсек, жакында эле Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Россиянын делегациясын жетектеп барган РФ президентинин кеңешчиси Владимир Мединский сүйлөшүү оор, бирок иштиктүү болгонун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Трамп Киевге пайдасыз чечим кабыл алып койду деп кооптонуп турат