«Аян»: психологиялык драма, адамдын ички дүйнөсүнө саякаттаган жаңы тасма

Sputnik
Бул жолу «Стоп кадр» программасында 19-февралдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштачу «Аян» тасмасы тууралуу кеп кылабыз. Кинонун режиссеру Ырыскелди Артелбеков бул фильмдин жанры психологиялык драма экенин айтты. Фильм адамдын ички дүйнөсүн, ойлорун жана сезимдерин терең сүрөттөп, көрүүчүлөргө ой жүгүртүүнү, өзүн таанып билүүнү сунуштайт.
«Аян» — бул жөн гана экранда көрүнгөн окуя эмес, адамдын психологиялык чөйрөсүнө саякат. Кинонун баш каармандарынын тагдыры, алардын тандоолору жана ички чыр-чатактары көрүүчүнү тарткан таасирдүү сюжетти түзө турганы айтылды.