Кыргызстанда гематологиялык оорулар, айрыкча аз кандуулук, балдар жана аялдар арасындагы кан оорулары жылдан-жылга олуттуу көйгөйгө айланууда. Адистердин айтымында, көпчүлүк учурларда бул оорулар кеч аныкталып, дарылоо татаалдашып кетет. Кан ооруларын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу — өз убагында текшерилип, жөнөкөй анализдерди тапшыруу: жалпы кан анализи, ферритин, В12 витамини жана кан уюу көрсөткүчтөрү оорунун алгачкы белгилерин аныктоого жардам берет. Статистика, өлкөдөгү абал тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун гематология бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, жогорку категориядагы дарыгер, гематолог Ормон Жакыпбаевайтып берди.