Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
TikTok ресурсун Кыргызстанда ачуу боюнча маселе көтөрүлүүдөСириядагы 10 жыл. Америка аталган өлкөдөн акыркы аскерлерин алып чыгып кетүүдөНурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырып, себебин айтты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырганын кабарлады. Ал ден соолугу начар болгондуктан дары-дармек менен жүргөнүн белгилеген. “Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошондуктан мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм”, — деди ал. Тургунбек уулу эч бир интригаларга, айрыкча, 75 ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашпаганын кошумчалаган.
Кыргызстанда буга чейин TikTok платформасына коюлган бөгөттөөнү алып салуу боюнча Маданият министрлигинин деңгээлинде айтылды. Тагыраагы, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев ведомствонун коллегиясында аталган суроону көтөргөн. Ал кыргызстандык жаштар жана жалпы эле калк TikTok платформасын VPN аркылуу колдонуп жатканын эске салган. Мындан сырткары, салынган тыюу креативдүү индустрия тармагында иш алып барып жаткандарга да терс таасирин тийгизип келе жатканын кошумчалаган. Эске салсак, Кыргызстанда аталган платформаны жабууну ЖКнын VII чакырылышынын бир катар депутаттары айтып, демилге көтөргөн. Ресурс толугу менен 2024-жылдын апрель айында чектелген.
Ак үйдүн расмий өкүлү Каролин Левитт Зеленскийдин Трамп адилеттиктен тайып, Россияны эмес, Украинаны гана ымалага келип чегинүүгө чакырып жатат деген сөзүнө жооп кайтарды. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Менимче, президент Дональд Трамп сизге миңдеген украиндердин жана россиялыктардын өмүрү кыйылып жатканын да адилеттүүлүк деп эсептебей турганын айтып, жооп берсе керек", — деген Левитт брифинг учурунда Зеленскийдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү өтүнүчүнө жооп узатып жатып. Левитт ошондой эле Трамптын максаты бул жаңжалды жөнгө салуу экенин эске салган.Белгилей кетсек, жакында эле Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Россиянын делегациясын жетектеп барган РФ президентинин кеңешчиси Владимир Мединский сүйлөшүү оор, бирок иштиктүү болгонун айткан.
АКШ Сириядагы 10 жылдык аскердик операциясын аяктап, акыркы аскерлерин чыгарып кетип жатат. Бул туурасында Уолл-стрит джорнэламерикалык аткаминерлерге шилтеме берип кабарлады. "АКШ Сириядан миңге чукул жоокерден турган аскердик бөлүгүн алып чыгып, бул өлкөдөгү он жылдык аскердик операциясын бүтүрүп жатат", — деп материалда жазылган. Макалада тарыхый бул иштер эки айдын ичинде бүткөрүлөрү айтылган. Америкалыктар Иордания менен Ирактын чек арасындагы Эт-Танф аскердик базасынан, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Аш-Шаддада базасынан чыгып кеткенин маалымдашты.