Быйыл баш калааны көрктөндүрүүгө канча акча бөлүнөт?

Sputnik
Жаз айларына жакын баш калааны көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери активдүү жүрөт. Өлкөнүн борборунун жазында өзгөчө кооз боло түшкөнүнө “Бишкек жашыл чарба” ишканасы жоопкер. Жыл сайын бак-дарак, гүл отургузуу, сугат иштери сыяктуу бир катар иштер бар. Быйыл жашылдандырууга кандай көңүл бурулду, эмнелер жасаларын “Бишкек жашыл чарба” муниципиалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев айтып берди.