Салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрлөөнү жөнөкөйлөтүү, ак ниет атаандаштык тузүү, көмүскө экономикадан чыгуу , бюрократияны азайтуу жана бизнес менен өнөктөш мамиле түзүү ишине өзгөчө көңүл бурулуп келет. Бул иштердин натыйжасы кандай болуп жатканын, 2026-жылы жасала турган иштер тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов айтып берди.