Жумгалбек Шабданбеков — өмүр баяны

Жумгалбек Шабданбеков 1970-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
Sputnik
2026-жылдын 16-февралында Жогорку Кеңеш Шабданбековдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жетекчилигине талапкерлигин колдоп берди.
Билими:
1991-жылы — КМУУнун экономика факультетин аяктаган.
Ишмердүүлүгү:
окуу жайды аяктагандан кийин Салык кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгында инспектор, улук инспектор болуп иштеген;
1994-жылдан тарта улуттук коопсуздук органдарында: Мамлекеттик күзөт кызматында, Террорчулукка каршы борборунда, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматында эмгектенген.
2020-жылдын октябрынан тарта УКМК жетекчисинин орун басары — 9-кызматтын жетекчиси болгон;
2022-жылы — генерал-майор наамы ыйгарылган.