БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңешке төрт жаңы депутат келет. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында кабыл алды.
Эркерте кетсек, кечээ Элдар Сулайманов депутаттык мандатын тапшырган. Анын ордуна Жогорку Кеңешке №5 көп мандаттуу шайлоо округунан Азизбек Абдуллаев депутат болуп келмекчи.
Ошондой эле БШК №13 округдан үч депутат: Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекованы каттады. Эми аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилет.
Эскерте кетсек, №13 округдагы шайлоонун жыйынтыгы участкаларга камера орнотулганы боюнча талаш-тартыштан кийин жокко чыгарылып, кайра шайлоо 1-мартка дайындалган болчу. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен талапкердин бири тарабынан камера орнотулганы аныкталып, БШК тизмедеги кийинки талапкерлерге мандат берүүнү чечкен. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров кайра дайындалган шайлоого 25 талапкер катталганын, алардын 300 миң сомдук төгүмү кайтарыларын билдирген.