Жогорку Кеңеш президент сунуштаган үч министрдин талапкерлигин жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров үч министрликке сунуштаган жетекчилердин талапкерлигин жактырды.
Парламент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Урматбек Шамыркановду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Акыл Токтобаевди, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Талантбек Солтобаевди жетекчи кылып дайындоого макулдугун берди.
Эми тиешелүү документтерге президент кол коюшу керек.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейинки жетекчилер: Абсаттар Сыргабаевди, Бообек Ажикеевди жана Медер Машиевди 16-февраль күнү кызматтан алган.
Парламент УКМК төрагалыгына Шабданбековдун талапкерлигин колдоп берди