Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Зеленский Путин менен жолугуу ниетин кайрадан билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский Женевада өзүнүн делегациясына жолукканда Россия президенти Владимир Путин менен жолугуу маселесин көтөрүүнү айткан. Бул туурасында РИА Новости Axios басылмасына таянып жазды.
Путин мындан мурдараак эгерде Зеленский кездешүүгө ынтызар болуп турса, аны Москвада күтөрүн айткан эле. Бирок Киев режиминин башчысы бул сунуштан баш тарткан. Көп өтпөй өзүнүн кадамдарына өзү каршы чыгып, "кандай форматта" болсо да жолугууга даярдыгын билдирген.
"Зеленский кайрадан аймактык маселе боюнча алдыга жылуунун эң жакшы жолу Путин менен жеке жолугушуу экенин белгиледи. Ал командасына Женевада лидерлер жолугушуусу тууралуу маселени көтөрүүнү тапшырган", — деп жазды аталган басылма.
Андан сырткары, Зеленский эли украин армиясын Донбасстан чыгарып кетүү тууралуу макулдашууну кабыл албастыгын айткан.
Axios басылмасына берген маегинде Вашингтон менен Киев ар кандай макулдашуулар референдумга коюлушу керек деген пикирге келгенин билдирген. Муну менен катар эле эгерде документ Украина армиясынын Донбасстан чыгышын гана камтыса, анда ал четке кагыларын айткан. Бирок келишимде дагы кандай шарттар болушу керектигин так билдирген эмес.
Киев режиминин башчысы АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткоффко жана күйөө баласы Жаред Кушнерге Россия менен "ийгиликсиз" келишимди Украинага таңуулабагыла деген да "кеңешин" берген.
Эске салсак, кечээ Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Бул сапар ал төрт жарым саатка чукул созулду. Кремлден россиялык топту РФ президентинин кеңешчиси Владимир Мединский жетектеп барганын айтышкан. Сүйлөшүү бүгүн да уланмакчы.
FT: Зеленский шайлоо жана референдум өткөрүүнү пландаштыра баштады