БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстанда турак жайды камсыздандыруу тартибине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ал турак жай жабыркаган учурда төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнө тиешелүү.
Экономика жана коммерция министрлиги маалымдагандай, камсыздандыруу компенсациясын төмөнкү учурларда төлөө сунушталып жатат:
жер титирөө 5 балл жана андан жогору болгондо (азыркы учурда — 6 балл)
шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метр жана андан ашканда (азыр — 25 м/сек)
катуу кар жаап, жаан-чачындын көлөмү 150 мм болгондо (азыр — 200 мм)
мөндүр жааганда, эми анын көлөмү эске алынбайт (азыр — диаметри 20 мм болгондо)
"Курулуш тыгыз жайгашкан, эски жана сейсмикалык жактан туруксуз аймактардагы турак жайлар орточо күчтөгү (5 балл) жер титирөөдө да олуттуу зыянга учурайт. 2025-жылдын 28-мартында Талас облусунда болгон жер титирөөдөн 46 үй жабыркап, алардын 34ү камсыздандырылган. Бирок жер титирөө алты баллга жетпегендиктен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кенемте төлөгөн эмес", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик дал ушул себептен улам талаптарды өзгөртүүнү демилгелеп жатканын белгиледи.