Туманбаев Ала-Арчадагы жаңы асма жол качан ачылып, акысы канча болорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ала-Арча жаратылыш паркындагы жаңы асма жол 21-февралдан тарта иштей баштайт жана кызмат акысы 600 сом деп белгиленди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Туманбаевдин айтымында, капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жалпы 70 миллион доллар сарпталган.
"Бул — мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору. Үч жыл ичинде парктын кирешеси 10 эсеге өстү. 2026-жылы 500 миллион сом киреше алууну пландап жатабыз. Бул каражаттын баары бюджетке түшөт. Май айында беш жылдыздуу мейманкананын курулушу толугу менен аяктайт, ресторан жана бассейн салынат. Ошондой эле быйыл эки тоонун ортосуна асма көпүрө курулуп, жазында родельбан ачылат", — деди Туманбаев.
Иш башкаруучунун айтымында, эмдиги жылдан баштап электромобилдер менен автобустардан баш тартуу мерчемделип жатат. Узундугу 12 чакырымдык асма жолдун үч токтоочу жайы болот. Ар биринде балдар үчүн ар кандай оюн-зоок аянтчалары түзүлөт.
Президент буга чейин билдиргендей, долбоордун экинчи этабында асма жол узартылат. Ал көзөмөл-өткөрмө пунктунан башталып, дээрлик 12 чакырымга чейин созулат.
Садыр Жапаров Ала-Арчадагы асма жолду ачты. Видео