БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин колдоп берди.
Аны аталган кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган, эми дайындоо тууралуу документе кол коюшу керек.
Депутаттар Шабданбековго суроо берип жатып, ишкерлерге кысым көрсөтүүнү токтотууну өтүнүштү.
"УКМКнын кармалган кызматкерлери буга чейин жеке аудиторлорду жалдап алып, ишкерлерди өз билгениндей текшерип келишкен. Ошолордун корутундусу менен мамлекетке зыян кылып жатасың деп коркутуп-үркүтүп, мамлекетке "кустуруп" жүрүшкөн. Ушул маселелерди карап бересиз деп ишенем", — деди эл өкүлү Исманали Жороев.
Ал эми Дастан Бекешев "УКМКдан катуу коркуп келишкенин" белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейинки жетекчи Камчыбек Ташиев кызматтан 10-февраль күнү алынган.