РФ ТИМи Ирандын өзөктүк досьеси боюнча маселеге комментарий берди

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Москва Ирандын өзөктүк досьесинин айланасындагы маселени жөнгө салуудагы саясий-дипломатиялык аракеттерге мындан ары да көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Маселени жөнгө салууга жана мүмкүн болгон келишимдерди ишке ашырууга багытталган саясий-дипломатиялык аракеттерге мурдагыдай эле көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Кадамдар акыл калчоо менен жасалып, аймак оор кесепеттерге алып келе турган аскердик авантюраларга жетеленип кетпейт деп үмүттөнөбүз", — деген Захарова.
ТИМдин расмий өкүлү бул маселеде коркутуу, басым жасоо ийгиликке жеткирбей турганын белгилеген.
"Россия Ирандын өзөктүк көйгөйлөрүн кароодо тең укуктуу, сый-урматка негизделген диалог керек деп эсептейт. Бул диалогду башкача жүргүзүүгө альтернатива жок", — деген Захарова брифингде.
Трамп Иранды чабуулдун "экинчи фазасы" менен коркутууда