БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу маалыматты ишенимдүү маалымат булактар тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, Токторбаев ээлеген кызматынан өзүнүн каалоосу менен кеткен.
Кечээ, 17-февралда да мындай кептер тарап, бирок мэр аны четке каккан болчу.
Токторбаевдин мурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин кадры экенин айткан жайы бар. Буга байланыштуу коомчулук Ташиев кызматынан бошотулганына байланыштуу анын шаар башчылыгынан алынарын божомолдоп жаткан.
Айта кетсек, Жеңишбек Токторбаев өткөн жылдын 23-январында Ош шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп иштеген.