БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы ЕАЭБдин бажы аймагына наркотикалык жана психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун ташуу тартиби тууралуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү чечимин кабыл алды.
Чечим аталган заттарды экспорттоого лицензия алуу үчүн талап кылынган документтерди оптималдаштырууга багытталган.
ЕЭК маалымдагандай, кабыл алынган өзгөртүүлөр лицензия алуу үчүн керектелген документтерди электрондук форматта тапшыруу мүмкүнчүлүгүн кошот. Бул административдик жүктү азайтат.
"Тактап айтканда, импорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы берген уруксат документин мындан ары түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү түрүндө гана эмес, белгиленген тартипте тастыкталган электрондук же сканерленген документ түрүндө да тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет", — деди ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.