БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бийликтин бааны жөнгө салуу планына байланыштуу товарлар кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Sputnik радиосундагы маегинде айтты.
Жаңы мыйзам боюнча, компаниялар товар жана кызматтардан 25 пайыздан ашпаган пайда табышы керек. Бийлик ар бир тармактын өзгөчөлүгүнө жараша бааларды жөнгө салуунун ыкмасын өзү аныктай турганын билдирүүдө.
"Бул — сатып алуучуга пайдалуу болот деген иллюзия. Товарлар арзандабайт. Баасы катуу жөнгө салынган азык-түлүктөр сатыктан жоголуп, "көмүскө базарга" чыгат. Мамлекет рыноктун мыйзамдарына туура келбеген куралдарды колдонуп жатат", — деди Пономарев
Анын айтымында, бүгүнкү күндө атаандаштык абдан күчтүү, рынок товарга бай болгондуктан бизнес менен алектенүү кыйын.
"Товарларды чыгарууда көйгөй жок, көйгөй аны кантип сатуу керектигинде. Көптөгөн ишкерлер банкротко учурап, беш стартаптын төртөө ийгиликсиз болот", — деди ал.