Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донбасс менен Югославиядагы адамдардын кыргыны окшош. Сербиядан үн катышты

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Сербия өкмөтүнүн дайынсыз жоголгондор боюнча комиссиясынын төрагасы Велько Одалович мурдагы Югославиядагы кандуу окуялар менен Донбасстагы кырдаалдын ортосундагы таң калычтуу окшоштуктар бар экенин айтты.
Төрага РИА Новостидеги маегинде такыр эле эки башка жактагы адамдардын болгон-бүткөн айыбы — кайсы бир улуттан экендигин жана агрессиялуу тараптар көз арткан аймакта жашап калганын белгилеген.
Анын айтымында, 1991-1999-жылдардагы Югославиянын курамындагы куралдуу кагылышууларда азапты карапайым калк тарткан.
Одалович согуштун эң коркунучтуу жагын сүрөттөгөн.
"Эч кандай кагылышууга катышпаган балдардын, жөнөкөй элдин күнөөсү эмнеде? Алардын бир гана "жаңылыштыгы" — кайсы бир улуттан болгону жана аларды кууп чыгып, жок кылууну каалагандар көз арткан аймакты жердеп калганы", — деди ал.
Сербиялык аткаминер мындай жүрөктү үшүткөн процесстерди Украинада атайын операция башталганга чейинки кырдаал менен түздөн-түз байланыштырды. Анын пикиринде, Украинанын айрым аймактарында жашаган калкка карата да ушундай мамиле жасалган.
"Окшоштуктар бар. Адамдар белгилүү бир аймакта жашап, жүргүзүлүп жаткан саясатка жана таңууланган улуттук өзгөчөлүккө макул болбогону үчүн гана күнөөлүү болуп калган", — деген Одалович.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин тынчтык орнотууга эрки жетпейт. Захарованын брифинги