БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкекте 17 жаштагы Айлун Аккийизова изделүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал акыркы жолу 16-февралда жакындары менен сүйлөшүп, сабактан чыгып үйгө 2-3 саатта барып каларын айткан.
Айлун сары плащ, кара жинсы, күрөң кофта, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Милиция кызды көргөн-билгендер болсо (0770) 317 459, (0702) 494 730 номерлерине кабарлап коюуну өтүндү.