БИШКЕК, 18-фев.— Sputnik. Бишкектеги Ленин РИИБи издөө салган 17 жаштагы Айлун Аккийизова табылды. Бул тууралуу милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал акыркы жолу 16-февралда жакындары менен сүйлөшүп, сабактан чыгып үйгө 2-3 саатта барып каларын айткан.
Бүгүн, 18-февралда, масштабдуу издөө иштеринин натыйжасында кызды Каракол шаарынан табышкан.