БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Швецияда өмүрлүк түгөйүн 120 кишиге төшөк мамилеси үчүн сатып жиберди деген улгайып бараткан киши прокуратуранын тузагына илинген. Бул туурасында Associated Press жазды.
Ал аялын башкалар менен төшөк мамилесине түртүп, соодалаганга шектелип кармалган. 60 жаштагы киши октябрда камакка алынып, мартта сутенерлук кылган деп айып тагылды. Эми ал 10 жылдай эркинен ажыратылышы мүмкүн.