Саатына миң киши ташыйт. Ала-Арчадагы жаңы асма жолдун видеосу

Sputnik
Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жол жана мейманкалар баштаган долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ишке ашууда. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Аткаминердин айтымында, аталган долбоордун жалпы бюджети 70 миллион долларды түзөт.
"Мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын кеткен жок. Бирок мамлекет менен чогуу курулууда", — деди Туманбаев.
Ал жакында капчыгайдын тескей бетиндеги эки тоонун ортосуна айнек көпүрө салынарын айтты. Анын курулушу 18-апрелде башталып, ал эми май айынан баштап родельбан ишке берилет.
Экинчи этапта Ала-Арчанын кире беришиндеги көзөмөл-өткөрүү жайынан баштап асма жол салынат. Ал бүтсө эмдиги жылдан баштап паркка электромобиль менен автобустар да кирбей калат.
Белгилей кетсек, аталган парктагы асма жол бүгүн ишке берилди. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчы бул аракеттер өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам экенин билдирди.