Вэнс: АКШ Иран өтпөй турган чекти белгиледи

Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Америка Иран менен сүйлөшүүлөрдө Тегеран өтпөшү керек деген бир нече чекти белгилегендигин айтты.
"Кошмо Штаттардын өзү аныктап койгон "кызыл чектери" бар. Биздин кызыкдар болуп жаткан нерсебиз — Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек. Антпесе алардын артынан башкалар да өзөктүк куралдуу болуп кетиши мүмкүн", — деген Вэнс Fox News телеканалына.
Вице-президенттин айтымында, Тегеран азырынча Вашингтон койгон чекти таанып, ал боюнча иш алып барууга даяр боло элек. Вэнс Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ Иранга карата кандайдыр бир кадамдарды жасашы мүмкүндүгүн да айтты.
Өзөктүк курал боюнча Иран-Америка диалогу 17-февралда аяктаган. Анын жыйынтыгы боюнча Иран ТИМинин жетекчиси Аббас Аракчи жылыш болгонун, эки тарап келишим түзүшү мүмкүндүгүн жана анын негиздери боюнча иш алып бара тургандыктарын билдирди.
ЖМК: АКШ Иранга каршы узак операцияга даярданууда