Ала-Арча жаратылыш паркындагы жаңы асма жол 21-февралдан тарта иштей баштайт жана кызмат акысы 600 сом деп белгиленди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.Туманбаевдин айтымында, капчыгайдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жалпы 70 миллион доллар сарпталган. "Бул — мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору. Үч жыл ичинде парктын кирешеси 10 эсеге өстү. 2026-жылы 500 миллион сом киреше алууну пландап жатабыз. Бул каражаттын баары бюджетке түшөт. Май айында беш жылдыздуу мейманкананын курулушу толугу менен аяктайт, ресторан жана бассейн салынат. Ошондой эле быйыл эки тоонун ортосуна асма көпүрө курулуп, жазында родельбан ачылат", — деди Туманбаев. Иш башкаруучунун айтымында, эмдиги жылдан баштап электромобилдер менен автобустардан баш тартуу мерчемделип жатат. Узундугу 12 чакырымдык асма жолдун үч токтоочу жайы болот. Ар биринде балдар үчүн ар кандай оюн-зоок аянтчалары түзүлөт.
Россиялык аскер кызматкерлери Кант авиабазасында террордук коркунучтарга каршы масштабдуу машыгууларды өткөрүштү. Ага жердеги бөлүктөр жана авиация тартылган. Сценарий боюнча, шарттуу куралдуу топ базанын аймагындагы орто мектепти басып алууга аракет кылат. Антитеррордук бөлүктөр тез арада жерге жетип, аймакты курчоого алышып, контртеррордук операцияны башташкан. Биринчиден, окуучулар менен мугалимдер коопсуз аймакка шашылыш эвакуацияланган.Шарттуу кол салуучуларды бейтарап кылуу үчүн бронетранспортерлер, көздөн жаш чыгаруучу гранаталар колдонулган. Авиация асман аркылуу колдоо көрсөтүп, аракеттерди координациялап жана аймакты көзөмөлдөп турган. Машыгууда коюлган тапшырмалар ийгиликтүү аткарылган. Аскердик командирлер бөлүктөрдүн өз ара кызматташуусунун жогорку деңгээлин, тез жооп кайтарууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого даяр экенин белгилешти.
Бишкек шаарында "акылдуу" прожекторлор орнотулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Bishkek Park соода борборунун жанына сегиз мамы жана сегиз санариптик прожектор орнотулду. Жаңы жабдуу заманбап системалар менен камсыздалып, кошумча кызматтарды да көрсөтөт. Ал күн панелдери, шамал генераторлору жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөп, автономдуу иштей алат. Учурда "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi тармагын туташтырып, жасалма интеллектинин элементтери бар видеокөзөмөл камераларын коюуда. Бул камералар келечекте "Коопсуз шаар" системасына интеграцияланат.