Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан ишкерлерди дайны жок эле кысымга албагыла. Кокус кандайдыр бир кысым-басымдын четин угуп калсам, капа болбогула. Мындай сөздү президент Садыр Жапаров бүгүн Ала-Арча жаратылыш паркындагы асма жолдун ачылышында айтты."Ишкерлер ирденип алса салыктык төлөмдөр дагы көбөйүп, кошумча жумуш орундары түзүлөт. Мамлекетибизге, эли-журтубузга бардык жагынан пайда гана алып келет. Ошол эле учурда мамлекет ишеним артып, тиешелүү шарттарды түзүп берип жатканда ишкерлер дагы кыянаттык кылбайт, салыктарын жаап-жашырбай ак иштейт деп үмүт кылам", — деген Жапаров. Президент Ала-Арчада курулган, узундугу бир чакырым болгон жаңы асма жол боюнча дагы маалымат берген. Анын айтымында, мындан ары саатына миңге жакын адам тоо чокусуна жете алат. Өлкө башчысы акыркы жылдары парктагы инфратүзүм толук жаңыланганын айтып, коттедждер курулуп, родельбан жана беш жылдыздуу мейманкана салынарын кошумчалады. Анын айтымында, санариптештирүүнүн жана тартиптин негизинде Ала-Арча жаратылыш паркынын кирешеси кыйла өскөн. Эгер 2020-жылы парк 29 миллион сом киреше тапса, 2025-жылы бул көрсөткүч 262 миллион сомдон ашкан. Жапаров өлкөнүн туристтик потенциалын толук пайдалануу башкы максат экенин белгиледи. Ички жана тышкы инвесторлор үчүн шарттар түзүлөрүн, негизсиз текшерүүлөргө мораторий киргизилгенин да эске салды.
Жогорку Кеңештин депутаттары президент Садыр Жапаров үч министрликке сунуштаган жетекчилердин талапкерлигин жактырды. Парламент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Урматбек Шамыркановду, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Акыл Токтобаевди, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Талантбек Солтобаевди жетекчи кылып дайындоого макулдугун берди. Эми тиешелүү документтерге президент кол коюшу керек. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейинки жетекчилер: Абсаттар Сыргабаевди, Бообек Ажикеевди жана Медер Машиевди 16-февраль күнү кызматтан алган.
"Манас" улуттук академиясы тарабынан "Манас ааламы" аталышындагы виртуалдык музей ачылды. Академиядан билдиришкендей, иш-чара борбор калаадагы Технопарктта уюштурулуп, алгач "Манас ааламы – 2025" аттуу масштабдуу көркөм өнөр сынагына катышкан эмгектердин көргөзмөсү менен башталды. Бул виртуалдык музей президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун ишке ашыруу жана "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана дүйнөлүк деңгээлде даңазалоо максатында түзүлгөн. Долбоор улуттук мурасты санариптик форматта жайылтып, көркөм жана чыгармачылык эмгектерди кеңири коомчулукка жеткирүүгө багытталган."Манас ааламы – 2025" сынагынын алкагында жаралган мыкты эмгектер виртуалдык музейге жайгаштырылып, улуттук баалуулуктарды заманбап көркөм чечмелөө аркылуу чагылдырганы менен айырмаланды.