ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот

Sputnik
Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши өлкөнүн агро өнөр жай комплексин колдоо максатында маанилүү чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык, социалдык жана экономикалык мааниге ээ айрым товарларга импорттук бажы төлөмдөрүнөн убактылуу бошотулду. Тактап айтканда, 2026-жылдын аягына чейин ири мүйүздүү малдын этин 5 миң тоннага чейин алып келинет. Аны эт азыктарын өндүрүү үчүн гана колдонууга уруксат, кайра экспорттоого тыюу салынат. Ошондой эле кант өндүрүшүн колдоо үчүн чийки кантты импорттоого жеңилдик берилди. Ал эми какао продукциясына 2027-жылга чейин жеңилдетилген тартип колдонулат. Мындан тышкары, цитрус жемиштеринин жана айрым экзотикалык мөмөлөрдүн белгилүү көлөмдө ташып келинишине уруксат берүү каралууда.
Бул чаралар ички рынокту туруктуу камсыздоого, кайра иштетүүчү ишканаларды колдоого жана баалардын өсүшүн алдын алууга багытталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү кеп кылышты.