Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Жогорку Кеңеш Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин колдоп берди. Аны аталган кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган, эми дайындоо тууралуу документе кол коюшу керек. Депутаттар Шабданбековго суроо берип жатып, ишкерлерге кысым көрсөтүүнү токтотууну өтүнүштү. "УКМКнын кармалган кызматкерлери буга чейин жеке аудиторлорду жалдап алып, ишкерлерди өз билгениндей текшерип келишкен. Ошолордун корутундусу менен мамлекетке зыян кылып жатасың деп коркутуп-үркүтүп, мамлекетке "кустуруп" жүрүшкөн. Ушул маселелерди карап бересиз деп ишенем", — деди эл өкүлү Исманали Жороев. Ал эми Дастан Бекешев "УКМКдан катуу коркуп келишкенин" белгиледи. Эскерте кетсек, буга чейинки жетекчи Камчыбек Ташиев кызматтан 10-февраль күнү алынган.
Кыргызстанда бийликтин бааны жөнгө салуу планына байланыштуу товарлар кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Sputnik радиосундагы маегинде айтты. Жаңы мыйзам боюнча, компаниялар товар жана кызматтардан 25 пайыздан ашпаган пайда табышы керек. Бийлик ар бир тармактын өзгөчөлүгүнө жараша бааларды жөнгө салуунун ыкмасын өзү аныктай турганын билдирүүдө. "Бул — сатып алуучуга пайдалуу болот деген иллюзия. Товарлар арзандабайт. Баасы катуу жөнгө салынган азык-түлүктөр сатыктан жоголуп, "көмүскө базарга" чыгат. Мамлекет рыноктун мыйзамдарына туура келбеген куралдарды колдонуп жатат", — деди Пономарев Анын айтымында, бүгүнкү күндө атаандаштык абдан күчтүү, рынок товарга бай болгондуктан бизнес менен алектенүү кыйын.
Швецияда өмүрлүк түгөйүн 120 кишиге төшөк мамилеси үчүн сатып жиберди деген улгайып бараткан киши прокуратуранын тузагына илинген. Бул туурасында Associated Press жазды. Ал аялын башкалар менен төшөк мамилесине түртүп, соодалаганга шектелип кармалган. 60 жаштагы киши октябрда камакка алынып, мартта сутенерлук кылган деп айып тагылды. Эми ал 10 жылдай эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Владимир Зеленский АКШ президенти Киевге пайдасы тийбеген чечимдерди кабыл алып койду деп кооптонууда. Бул туурасында ал Axios порталына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды. "Бул анын чечими эмес, тактикасы деген үмүттөмүн", — деген ал. Зеленский узак мөөнөттүү тынчтык "жеңишти Россияга берет" деген нерсеге негизделбеши керектигин айткан. Ал кырдаалды жөнгө салуу боюнча аракет кылып жатканы үчүн Трампка ыраазылыгын билдирип, бирок аны менен катар эле ыкка көнүү боюнча чакырыктарды "адилетсиз" деп атады. Басылма маектеши Украина кичинекей болгондуктан ага басым-кысым жасоо алда канча жеңил болот деп айтканын жазды. Эске салсак, кечээ Россия, АКШ жана Украинанын Женевадагы үч тараптуу сүйлөшүүсү аяктады. Кремлден россиялык топту Россия президентинин кеңешчиси Владимир Мединский жетектеп барганын айтышкан. Сүйлөшүү бүгүн да уланмакчы.