Кибер алдамчылык: улуу муун эмне үчүн көбүрөөк жабыркайт жана кантип сактануу керек?

Sputnik
Кыргызстанда кибер алдамчылык учурлары көбөйүп, өзгөчө улуу курактагы жарандар көп алданып калууда. Алдамчылар телефон аркылуу өздөрүн банк кызматкери же укук коргоо органынын өкүлү катары тааныштырып, SMS-код же карта маалыматын сурашат. Ошондой эле жалган шилтемелерди жөнөтүп, жеке маалыматтарды алууга аракет кылышат. Көпчүлүк учурда жарандар шашылыш чечим кабыл алып, акчасынан айрылып калышат. Адистер сак болууга жана жеке маалыматтарды эч кимге бербөөгө чакырат.
“Sputnikтен сүйлөйбүз” программасынын алкагында ИИМ өкүлү кибер алдамчылыктын кеңири тараган түрлөрү, анын алдын алуу жолдору жана жарандар эмнелерге көңүл бурушу керектиги тууралуу айтып берди.