Өлкөдө сугат суу тартыштыгын алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

Sputnik
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл өлкөдө сугат сууга болгон тартыштык болушу мүмкүн. Өзгөчө өткөн жылдагыдай эле Чүй менен Талас облусунда болушу болжолдонууда. Мындан улам учурда каналдарды, БДР жана БСРлерди оңдоп-түзөө, ошондой эле жаңы суу сактагычтарды куруу, аларды толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер суунун жоготуусун азайтып, дыйкандарды суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.
Сугат суу тартыштыгы жаралат деген божомолдон улам дыйкандарга кургакчылыкка туруштук бере ала турган жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздай турган өсүмдүктөрдүү эгүү сунушталууда. Бул тууралуу Сууресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Радик Жумабек уулу жана Туратбек Идрисов кеп кылды.