Жапаров менен Токаев телефондон ички саясий реформаларды талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев менен телефондон баарлашканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүү казак тараптын демилгеси менен жүргөн.
Мамлекет башчылары кыргыз-казак мамилелеринин бардык багыттары боюнча өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди, анын ичинде соода, транспорт, өнөр жай кооперациясы, энергетика жана суу ресурстары тармактарында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
"Токаев Жапаровго Казакстанда жүргүзүлүп жаткан, мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн өзөгүн түзгөн конституциялык реформа тууралуу маалымат берди. Жапаров өз кезегинде Казакстандагы масштабдуу өзгөрүүлөрдү, анын ичинде бир палаталуу парламент түзүүнү колдой турганын билдирип, жалпы элдик референдумду ийгиликтүү өткөрүүнү каалады", — деп айтылат маалыматта.
Президенттер бардык маселелерди ишеним, салттуу достук жана боордоштук маанайында чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Бул көп пландуу өз ара аракеттенүүнүн ырааттуу өнүгүүсү үчүн ишенимдүү негиз түзөт.
Лидерлер ошондой эле ички саясий реформалар, чөлкөмдүк жана эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышып, муну менен бирге көп тараптуу форматта өткөрүлө турган алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин карап чыгышты.
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү