БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Улуттук статистика комитети январдагы бааларды өткөн жылдын декабрь айына салыштырган. Ага ылайык, төмөнкү азыктар кымбаттады:
жашылча — 4,9 пайыз;
картошка — 3,4 пайыз;
колбаса жана эт азыктары — 2,5 пайыз;
сүт азыктары, сыр жана жумуртка — 2,1 пайыз;
сүт — 2,6 пайыз;
кой эти — 1,5 пайыз;
уй эти — 0,9 пайыз;
балык — 0,5 пайыз.
Ал эми ун 0,5 пайызга, күрүч 0,1 пайызга арзандаган.