БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Тимур Шабданбеков УКМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Намазов дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Намазов 1971-жылы 3-апрелде туулган. Ал 2025-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Билими:
1997-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун "аскерге чакырууга чейинки жана дене тарбия" адистиги боюнча аяктаган.
2003-жылы Россия Федерациясынын ФКК академиясын "коопсуздук органдарынын оперативдүү ишмердүүлүгү" адистиги боюнча аяктаган.
2013-жылы Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
кесиптик карьерасын 1991-жылы баштаган;
2021-жылдын сентябрында бажы органдарына кызматка алынган;
"Оперативдүү", "Түштүк-Батыш", "Түндүк-Чыгыш" бажыларынын башчысынын орун басары жана башчысы кызматтарын аркалаган;
Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгын жетектеген.