Күч түзүмдөрүнүн ортосунда тирешүү жок. УКМК кызматкерлеринин кармалышы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Күч түзүмдөрү ортосунда пикир келишпестик жок. Бул тууралуу УКМК мурдагы кызматкерлердин кармалышы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылат.
Атайын кызмат Аскер прокуратурасы менен ИИМ тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын белгилеген. Анда УКМК жетекчилиги бул окуялар тууралуу алдын ала кабардар болгону, текшерүүнүн жыйынтыгы менен кадрлар боюнча чечим чыгып, мыйзам бузгандар кызматынан бошотулганы айтылат.
"Айрым жаңылыктар күч түзүмдөрү арасындагы каршылык катары көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик комитет мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбесин белгилейт. Маалыматты андай нукта берүү чагымчылык жана абалды туруксуздаштырууну көздөйт. Бардык күч түзүмдөрүнүн максаты — улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти жана туруктуулукту камсыз кылуу", — деп айтылат кайрылууда.
УКМК элди, ЖМК өкүлдөрүн жана коомдук ишмерлерди расмий органдар берген маалыматка гана таянууга чакырат.
УКМК жетекчисинин дагы бир орун басары алмашты