Украинада Трамп Зеленскийге кандай "күтүүсүз белек" даярдаганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Украинанын мурунку энергетика министри Герман Галущенконун кармалышы АКШнын Владимир Зеленскийди тынчтык келишимин түзүүгө мажбурлоочу саясатынын бир бөлүгү болушу ыктымал. Бул тууралуу "Страна.ua" басылмасы жазып чыкканын РИА Новости кабарлады.
"Галущенко Женевада өтчү сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасынын алдында жана Зеленскийдин Мюнхендеги Донбасстан баш тартпай турганын айткан катуу сөзүнөн кийин кармалды. Анын колго түшүрүлүшү аркылуу Зеленскийге кежирлигинин аягы жакшы бүтпөй турганын түшүндүргөн белги берилди", — деп айтылат макалада.
Басылма эгер Зеленский кепке келбей кетенчиктей берсе үзөңгүлөштөрү аркылуу басым улана берерин белгилеген.
Ал арада Financial Times Галущенконун кармалышы Зеленскийдин кеңсесин катуу силкинткен коррупциялык жаңжалдын акыркы эпизоду экенин жазды.
"Окуя Украинанын мааниоүү өнөктөштөрүн ойго салууда, анткени Киев согуштук аракеттери жана экономикасы үчүн Батыш мамлекеттеринен миллиарддаган доллар алууга умтулуп келет. Андан тышкары, Евробиридикке кошулуу ниети күч", — деди гезит.
Украинанын улуттук антикоррупциялык бюросу (НАБУ) 15-февраль күнү экс-министр Герман Галущенко коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында чек арадан өтүп бара жатканда кармалганын билдирген.
Ал эми былтыр 10-ноябрда НАБУ өлкөнүн энергетика тармагында ири операция жүргүзүп, чет элдик валюта толтурулган баштыктардын сүрөтүн жарыялаган. Рада депутаты Ярослав Железняк бюро ошол кезде энергетика министри болуп турган Галущенко менен "Энергоатом" компаниясынын кеңсеси тинтүүгө алынганын билдирген. "Украинская правда" НАБУ кызматкерлери ишкер жана Зеленскийдин жакын адамы Тимур Мендичтин үйүнө да келишкенин, бирок бизнесмен өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөнүн кабарлаган болчу.
11-ноябрда НАБУ энергетика тармагындагы коррупцияга тиешеси бар кылмыштуу уюмдун жети катышуучусуна айып таккан, арасында Миндич да болгон. Күнөөлөнүп жаткандардын катарында Украинанын мурунку вице-премьери Алексей Чернышев да бар болчу. Жогорку Рада 19-ноябрь күнү Галущенконун ишинде аты аталган энергетика министри Светлана Гринчукту кызматынан бошоткон.
Эксперт: Орбан Зеленскийге ордун кайда экенин көрсөткөнүн ал түшүнгөн жок