Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркуловдун кармалганы айтылууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. УКМКнын экс-жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов чек арадан кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк маалымат булактар билдирди.
Анаркулов Казакстандан Кыргызстанга кирип жаткан маалда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 75 адамдын кайрылуусу боюнча иштин алкагында кармалып, Бишкекке алып келинген.
Азырынча расмий маалымат бериле элек.
Анаркулов 2020-жылы президенттин маалымат кызматын жетектеген. Кийинчерээк пара алууга шектелип кармалган.